КЫЗЫЛ-АРЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-АРЫК – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Сынташ айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1164 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кант ш-нан 51 км түш. тарапта. Ивановка т. ж. бекетинен 16 км. Калкы 1640 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Курманов туулган.