КЫЗЫЛ-АРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-АРТ АШУУСУ Чоң Алай тоосунда. Кырг-н ж-а Тажикстандын чек арасында, Кызыл-Арт суусунун батышынан орун алган. Би­йикт. 4280 м. Ашуунун бели түзөң, түн. капталы тик, түштүгү жантайыңкы, бара-бара Па­мирдин тайпак тоолоруна өтөт. Негизинен палеоген м-н неогендин кызыл түстүү чопо, алев­ролит, кумдук конгломерат тектеринен түзүлгөн.
Жыл бою ачык, ал аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.