КЫЗЫЛ-АЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-АЙ , К ө к - А й д а р – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Сейдикум айыл округуна караштуу. Кара-Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңг. 660 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш­нан 6 км түш. тарапта. Жалал-Абад т. ж. беке­тинен 38 км. Кыштак 1937-ж. негизделген. Кал­кы 4591 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Кесиптик-тех. окуу жайы, орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, дарыкана, почта байланышы, мончо, мечит бар. Май сыгуучу цех, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, тегир­мен, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, тамактануу жайлары, соода түйүндөрү иш­тейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Ө. Атабекова туулган.