КЫЗЫЛ-АДЫР
КЫЗЫЛ-АДЫР (1992-ж. чейин К и р о в) – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Райондун ж-а Кара-Буура айыл округунун борбору. Талас суусунун боюнда, деңиз деңг. 980 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Талас ш-нан 53 км батыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 60 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштак аркылуу Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолу өтөт. 1886-ж. негизделген. Калкы 10,8 миң (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Май-сыр жасоочу «Арашан» АКы, жоопкерчилиги чектелген «Рахат» курулуш ишканасы, «Алтынай 1» фирмасы, кийим тигүүчү цехтер иштейт. Үч орто ж-а муз. мектеп, лицей, 2 китепкана, клуб, 3 бала бакча, мад-т үйү, 2 музей, мечит бар. Тамактануу ж-а соода жайлары, тех. тейлөө станциясы, базарлар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. К.-А-да «Баатырлар аллеясы» курулуп, анда Ч. Түлөбердиевдин, Ч. Айтматовдун ж-а Кара-Буура р-нунда туулган Соц. Эмг. Баатырларынын бюсттары коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Киров суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурунку ордунан 3–5 км түштүккө көчүрүлгөн.