КЫЗЫЛ-АГЫН МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-АГЫН МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,2 км, аянты 3,8 км2, көлөмү 0,1 км3. Кызыл-Суунун сол куймасы – Кызыл-Агын суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляциясынын аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Агын суусунун сол куймасы башталат.