КЫЗЫЛЧА КОМБАЙНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛЧА КОМБАЙНЫ – кызылча казып, жыйноочу машина. Ал бир эле мезгилде кы­зылчаны казып, топурак ж-а жалбырагынан арылтып, бункер же транспортко салат. КМШ өлкөлөрүндө К. к. 30-жылдардан чыгарыла баш­таган, 50-жылдары кызылча жыйноо толугу м-н механикалаштырылган. Топурак-климат­тык шартка ылайыкталып, эки типтеги К. к. чыгарылат. Биринчи тибине кызылчаны казып алып, жалбырагын машинада кесүүчү СКЕМ-ЗГ, КСТ-3, СКП-2Г ж. б. маркадагы комбайндар, экинчи тибине кызылчанын жалбырагын кесип, андан кийин казып жыйноочу СКН-2, СКД-2 ж. б. маркадагы комбайндар кирет. К. к-нын негизги тетиктери: машинаны кызылчанын жөөктөрү б-ча багыттагыч автомат механизм, казгыч, калак, жалбырак көтөргүч, жалбырак кескич аппарат, тазалагыч шнек, жүктөгүч элеватор, бункер. Саатына орто эсеп м-н 2–3 га жердеги кызылчаны казып жыйнайт.


Ад.: Новые свеклоуборочные комбайны. М., 1968; Сельхозтехника, каталог, часть 1–. М., 1981.