КЫЗЫЛ
КЫЗЫЛ (1918-ж. чейин Б е л о ц а р с к, 1926-ж. чейин Х е м-Б е л д ы р) – Тува Респ-нын борбору. Россиядагы шаар. Чоң Енисей (Бий-Хем) м-н Кичи Енисей (Ка-Хем) кошулган жерде, Азиянын геогр. борборунда жайгашкан. Усинск трактынын акыркы пункту. Калкы 108,3 миң (2009). Аэропорту бар. 1914-ж. негизделген. Автомобилдердин атайын жабдууларын чыгаруучу з-д,

жеңил, тамак-аш, жыгаччылык ө. ж., алтын казып алуучу ишканалар («Тывазолото», «Эми») иштейт. Шаарга жакын жерден көмүр казылып алынат. Ун-ттер, «Хоомей» эл аралык ил. борбору, Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн филиалы, край таануу музейи, пед. ин-т, Красноярск агр. ун-тинин, политех. ин-ттун филиалдары, Тува тил, тарых ж-а ад-т ИИИлери, драма театры, филармония, музей бар. «Азиянын борбору» обелиски орнотулган (К. Азиянын геогр. борбору болуп эсептелет).