КЫЗМАТ АБАЛЫН КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗМАТ АБАЛЫН КЫЯНАТТЫК МЕНЕН ПАЙДАЛАНУУ – кызматтык кылмыштар тобуна кирген кылмыштын бир түрү. Кылмыш курамынын түз объектиси мамл. органдар, жерг. башкаруу органдарынын мыйзамдуу кызыкчылыгы болуп саналат. Кошумча объектиге адамдар, уюмдар ж-а мамлекеттин мыйзамдуу укугу ж-а кызыкчылыктары кирет. К. а. к. м. п-нун объективдүү жагы төмөнкү белгилерден турат: 1) кызмат адамы тарабынан кызмат аба­лын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу; 2) эгерде кызмат абалынан кыя­наттуу пайдалануу жарандардын же юрид. тараптын кызыкчылыктарына олуттуу зыян алып келсе; 3) жогорудагы көрсөтүлгөн белгилердин ортосунда себептүү байланыш болушу зарыл. Ал эми анын субъективдүү жагы атайылап (тикелей же кыйыр ниетте) жасалгандыгы м-н мүнөздөлөт. Эгер кылмыш жеке кызыкчылыктан улам жасалса; өзгөчө чоң зыян келтирилсе; уюмдашкан топ же кылмыштуу шериктештиктин кызыкчылыгы болсо; жооптуу орун ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса; бир нече жолу же болбосо оор натыйжаларга алып келген учурлар К. а. к. м. п-нун оордотуучу белгилерине кирет. Кылмыш курамынын субъекти­си болуп, акыл-эси соо, 16 жашка толгон кызмат адамы эсептелет.

К. А. Бодобаев.