КЫЗЛАСОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЛА́СОВ Леонид Романович [24. 3. 1924, Енисей губерниясы (азыркы Хакасия Респ.), Хакас уезди, Синявин кыш. – 24. 7. 2007, Москва] – орус-хакас археологу ж-а тарыхчысы, чыгыш таануучу, Тува АССРинин (1991), Хакасия Респ­нын илимине эмг. сиң. ишмер (1994), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1985), тарых илимд. док­тору (1967), ММУнун проф. (1969), эмг. сиң. проф. (2004). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. ММУну бүткөн (1949). Борб. Азия, Сибирь тарыхы ж-а археологиясы б-ча адис. Хакас (1950–2002), Тува (1955–82), Кыргыз (1953–54), Славян (1967) археол. экспедицияларын жетек­теген. 1953–56-ж. кыргыз археол. ж-а этногр. экспедициясына катышып, Ак-Бешим (Суяб) ш-н изилдеп, анын о. кылымдагы арх-расы, иск-восу ж-дө фундаменталдуу эмгек жараткан. Ал Ба­йыркы Борб. Азия элдеринин тарыхын изилдөөдө илимге чоң салым кошкон. Бирок К-дун эмгекте­ринде енисей кыргыздарынын тарыхы ж-а ма­териалдык мад-ты хакастардын пайдасына чечи­лип, бурмаланып көрсөтүлгөн. 280дей ил. макаланын ж-а 15 китептин автору. ММУнун 1-дара­жадагы Ломоносов атн. сыйл. м-н сыйланган.


Эмг.: Гуннский дворец на Енисее. Проблема ранней государственности Южной Сибири. М., 2001; Городская цивилизация Срединной и Северной Азии. Исторические и археологические исследования. М., 2006.

А. Абетеков.