КЫДЫР АКЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫДЫР АКЕ , К ы д ы р Б а й с а р ы уулу (1843, азыркы Ысык-Көл обл., Сары-Жаз өрөөнү – 1926, Ак-Суу р-ну, Кереге-Таш айылы) – коомдук ишмер. 1868-жылдан үч жылда бир болуучу шайлоодо алты жолу катары м-н болуш болуп шайланган.

1913-ж. ысык-көлдүк кыргыздардын атынан өкүл катары Романовдордун бийликке келишинин 300 жылдык тоюна чакырылган. Падыша К. а-ни Анна тасмасындагы чоң алтын медаль м-н сыйлап, полковник чинин ыйгарган. Акылы ж-а калыстыгы м-н эл ичинде чоң кадыр-баркка ээ болгон. 1993-ж. анын 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийикт. 16 м келген күмбөз тургузулган. К. Асанбеков.