КЫДЫРБАЕВА 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРБАЕВА Раиса Заитовна (30. 11. 1930- ж. т., Фрунзе) – адабиятчы, «Манас» изилдөөчү, филология илимд. кандидаты (1956), доктору (1983), КР УИАнын корр. мүчөсү (1989), КР илим­ге эмг. сиң. ишмери (1995),

проф. (1997), КР илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1997, 2004). 1952-ж. КМУнун филология ф-тин (орус бөлүмүн), 1956-ж. А. М. Горький атн. дүйнөлүк адабият ин-тунун аспиран­турасын бүтүргөн. КР УИА-нын азыркы Ч. Айтматов атн. Тил ж-а ад-т ин-тунда 1956–60-ж. кенже ил. кызматкер, 1960–86-ж. улук ил. кызматкер, 1986–87-ж. Манас секторунун башчысы, 1987–2008-ж. Фольклор ж-а акындар бөлүмүнүн башчысы, 2009-жылдан жетектөөчү ил. кызматкер. К. – Манас– ж-а кенже эпосторду, о. эле фольклор изилдөөчү, ад-т таануучу катары белгилүү. «Саринжи-Бөкөй– эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү», «Жаңыл Мырза– эпосунунпоэтикалык традициялары», «Манас эпосундагы традициялык жана индивидуалдык масе­лелерине карата», «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», «Манас– эпосунун генезиси», «Манас эпосунун варианттары» ж. б. 150дөн ашык ил. эмгектин а. и. 17 монографиянын автору. «Манас энциклопедиясын» даярдап чыгарууга активдүү катышкан.


Эмг.: Лирика А. Осмонова. Ф., 1957; Сказительское мастерство манасчи. Ф., 1982; Мезгилдер, муундар жана манасчы. Б., 2004; Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү (К. Асаналиев м-н бирге). Б., 2004.