КЫДЫРБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРБАЕВ Кырккелди Жумалиевич (1. 4. 1961-ж. т., Чүй обл., Жайыл р-ну, Ак-Башат айылы) – юридика илимд. доктору, проф., милициянын полковниги (1998). СССР ИИМ Караганды (1983), РФ ИИМ Москва (1992) жогорку мектептерин бүткөн. 1988–89-ж. СССР ИИМдин Караганды, Бишкек жогорку мектептерин­де окутуучу, 1992–97-ж. Талас обл. ички иштер башкармалыгында бөлүм начальниги, орун басары, 1997–98-ж. КР Президентинин админис­трациясынын, 1998–99-ж. КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын референти, 1999-жыл­дан КР ИИМ Бишкек жогорку мектебинде на­чальниктин 1-орун басары, КР ИИМдин башкы штабынын начальниги.