КЫДЫРАЛИЕВ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫДЫРАЛИЕВ Сабыржан (1952-ж. т., Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Акман айылы) – техника илимд. доктору (1993), проф. (1995), Кыргызстан Ленин комсомолунун илим ж-а тех­ника жаатындагы сыйл. лауреаты (1989). Ташкент политех. ин-тун (1974), Москва мамл. тех. ун-тинде (ММТУ) аспирантураны (1979) бүтүргөн. ФПИде улук лаборант, улук инженер ж-а ММТУ-да стажёр-мугалим; КТУда ассистент, улук оку­туучу, доцент, проф.; Жалал-Абад тех. ун-тин­де илим б-ча проректор (1993); КР УИАнын Түштүк бөлүмүнө караштуу Энергетика ж-а электроника ин-тунда директор, лабор. башчысы ж-а ЖАМУда проф. (1995). Ширетүү, констр. ма­териалдарды иштетүү ж-а биотехнология б-ча адис. 85тен ашык ил. иштин, а. и. 7 ил.-мето­дикалык эмгектин, 10 ойлоп табуунун автору.


Эмг.: Влияние расхода газа на характеристики плазменной дуги. 1989; Методические указания к лабораторным работам по курсу «Материаловедение и обработка конструкционных материалов». Б., 1989.