КУ-ЛИХОРАДКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУ-ЛИХОРАДКАСЫ , К у - к а л т ы р а т м а­с ы – калтыратма жана өпкөнүн жабыркашы менен коштолуучу катуу кармаган жугуштуу оору. К.-л-н Бернет риккетсиясы (аны изилдеген австралиялык окумуштуу Ф. Бернеттин атынан) козгойт. Бул риккетсиялар кене, жапайы сүт эмүүчү жана куштарда мителик кылат. Малга кене жугузат. Мал (кой, уй, эчки) сүт, заара, заң ж. б. менен бөлүп чыгарат. Адамга булганган аба, чаң менен дем алганда, саман, чөптөн, сүт жана азыктар пайдаланганда жугат. Ылаңдаган мал­ды сойгон, баккан жана вет. жардам көрсөткөн (айрыкча төлдөтүү учурунда) адамдарга жугу­шу мүмкүн. Оорунун жашыруун мезгили 4 жума. Оору капысынан башталып, 2 жумага чейин дене абдан ысыйт (39–40°), андан кийин темп-ра төмөндөй баштайт. Баш, булчуң ооруйт, алы кетип, уйку качат. Кээде көңүл айнып, кусат, балдардын мурду канайт, өпкө жабыркап, кур­гак, кээде какырыктуу жөтөлөт. Дарылоо ооруканада антибиотиктер менен жүргүзүлөт. Алдын алууда ылаңдуу мал менен мал азыгын иштетүүчү ө. ж-да иштегендер жеке тазалыгын сактап, эмдөө зарыл.