КУШ КҮЙҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУШ КҮЙҮҮ – алгыр куштарды тор менен кармап алуу ыкмасы. Куш салуу, б. а. алгыр куштар менен аңчылык кылуу өнөрү өнүккөн элдерде К. к-нүн ар кандай ыкмасы иштелип чыккан. Кыргызда алгыр куштар байлооч (бактек, ала күү, көгүчкөн ж. б.) байланган тор (куш тор, күймө; бүркүт кармоо үчүн колбоор) жайып кармалган. К. к-нүн мындай ыкмасын саятчылар азыр деле колдонушат.