КУШИТ ТИЛДЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУШИ́Т ТИЛДЕРИ – Африканын чыгыш жана түн.-чыгышындагы семит-хамит уясына (семьясына) кирген тилдердин тобу. Алар 5 топчодон турат: 1) түн. – бедауйе; 2) борб. – агав тилдери; 3) чыгыш – афар-сахо тилдери, галла-сомали (сомали, бони, байсо, рендилле, галла цамай ж. б.), сидам (сидам, хадия, буржи ж. б.), консо-гелеба (консо, гато, гидоле, арборе, гелеба, могогода ж. б.); 4) батыш – омето, каффа ж. б.; 5) түш. иракв, аса жана нгомвиа тилдери. К. т. консонантизмге (муун түзө албоочу тыбыштарга ) бай. Этиш (жак, сан, түр, чак б-ча) жана атооч сөздөрү (сан, түр, жөндөмө ж. б.) өзгөрүлмөлүү келет. Сомали жана галла тилдеринин жазмасы бар.