КУТУРГАН КУМ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУТУРГАН КУМ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Күрмөнтү кыш-нан 13 км түш.-батышта, деңиз деңг. 1620 м бийикте. 1961-ж. Чүй комплекстүү геол. экспедициясы чалгындаган. Калыңдыгы 0,5 м келген шагыл жана жумуру майда таш кабатчалар бар. Мында бозомук-кызгылт түстөгү, таза жуулган көл куму кен аймагын түзөт. Кумдун орт. калыңдыгы 2,25 м. Гранулометриялык курамы: 10 ммден ириси – 0,59%, 5 мм – 1,61%, 2,5 мм – 8,64%, 1,25 мм – 13,97%, 0,6 мм – 37,85%, 0,3 мм – 28,54%, 0,14 мм – 9,78%, 0,14 ммден майдасы – 1,5%. Орт. кесектик модулу 2,79. Чаң менен чопо бүртүкчөлөрү 0,9%ти түзөт. Кум ар түрдүү маркадагы бетонду даярдоого жана курулуш ылайын жасоого жарамдуу. Запасы А категориясы б-ча 384 миң м3, В – 709 миң м3, С – 2577 миң м3.