КУТЕЙБА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУТЕЙБА бен Муслим ал-Бахили Абу Хафс (т. ж. б. – 715) – араб аскер кол башчысы. Ирактын бийлөөчүсү Хаджаж ибн Юсуф аны 704-ж. борбору Мерв (азыркы Мары) ш. болгон Хорасан аймагынын наместниги кылып дайындаган. К. ислам динин кабыл алган. Фарсылар менен Аму д-нын оң жээгиндеги түрктөрдүн көп жылдык кагылышууларынан пайдаланып, 705-ж. Балхты (азыркы Афганстандагы Мазари-Шариф ш.), 706–09-ж. Букар ш-н, 710–12-ж. Самарканд жана Хорезмди, 712-ж. Фергананы басып алган. 713-ж. Кашкарды каратуу, 715-ж. Омейяддардын халифи Сулайман бен Абдал-Маликти багындыруу аракеттери ишке ашпастан, каршылаштары тарабынан 715-ж. өлтүрүлгөн.
Ад.: История ат-Табари. Таш., 1987.
Э. Турганбаев.