КУТАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУТАН Торгой уулу (1893, Каракол уезди, Ак- Суу болуштугу, Ак-Булуң кыш. – 1961, ө. жери белгисиз) – белгилүү чек арачы. 1918-ж. Караколдогу кызыл гвардиячылардын катарына кирип, 1919-ж. чейин Анненковдун бандалары менен күрөшкөн. Түн. Кырг-нда совет бийлигин чыңдоого катышып, 1922–40-ж., 1944–46-ж. чек арада кызмат кылган. 1930–36-ж. чек араны бузууларга каршы кошуун уюштуруп, басмачыларды талкалоого катышкан. 1946–47-ж. Ак-Булуң колхозунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген.