КУРТ-КУМУРСКАЧЫЛ ѲСҮМДҮКТѲР
КУРТ-КУМУРСКАЧЫЛ ѲСҮМДҮКТѲР - курт-кумурскаларды кармап, кошумча азыктануучу автотрофтуу ѳсүмдүктѳр.

Курт-кумурскачыл өсүмдүктөр: 1а жирянка, 16- жалбырагы; 2а -тегерек жалбырактуу росянка, 26 - кармап алган чымыны менен жалбырагы; За - гибрид непентес, 36 - жара кесилген кумурасы; 4а - Друммонди саррацения, 46-жара кесилген кумарачы; 5а - калифорния дарлингтониясы, 56 - жара кесилген жалбырагы, ичиндеги чымыны м-н; 6а - венера чымынчысы, 6б - чымын кармап алган жалбырагы.
Курт-кумурскачыл ѳсумдуктүр ѳскѳн жерде азоттуу азык заттар, калий, фосфор жетишсиз болгондуктан, бул ѳсүмдүктѳр жалбырагы менен курт-кумурскаларды кармап азыктанып, алардын ордун толуктайт. Жалбырагында азык заттарды эритүүчү ферменттерди жана органикалык кислота бѳлүп чыгаруучу безчелер болот. Ферменттер курт-кумурсканын денесин ѳсүмдүк сиңирүүчү жѳнѳкѳй бирикмеге чейин ажыратат. Бул ѳсүмдүктѳр курт-кумурсканы ѳзүнѳ тартууга жана кармоого татаал жана түрдүүчѳ ылайыктанган. Ыйлаакчалардын (баштык сымал органы бар) суу астындагы жалбырагында курт-кумурска кирүүчү тешикчеси болот. Тропик түрлѳрүнүн жалбырагынын үстүнкү жак жээги жылмакай, кумурадай болуп, курт-кумурска жылмышып, анын ичине түшѳт. Альдрованданын жалбырагы жабышкак зат бѳлүп чыгаруучу бездүү кызгылт түктѳрү менен кармайт. Айрымдарынын кармагыч жалбырактары чымын-чиркей конгондо жабылып калат. Кээ бир ѳсүмдүктѳр жыты менен аларды ѳзүнѳ тартат да, ага конгондо жалбырагы бүктѳлүп калат. Бир росянка күнүнѳ ондогон чымын чиркейди сиңирет. Курт-кумурскачыл ѳсумдуктөрдүн 6 тукумунун 500дѳй түрү белгилүү. КМШ ѳлкѳлѳрүндѳ 20дай түрү мелүүн алкактын токойлорунда, азот, фосфор, калий жетишсиз жерлерде, кѳлмѳлѳрдѳ, саздарда ѳсѳт.