КУРТКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУРТКА - Ак-Талаа р-нунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Молдо-Тоодон башталат. Уз. 45 км, алабынын аянты 417 км2, суу куралуу аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2950 м. Негизинен кар сууларынан куралат. Жайында кирип, күзүндѳ тартылат. Орт. чыгымы 2,9 м3/сек. Ири куймалары: Кѳл-Кайың, Сулуу-Куртка, Кашка-Суу, Терең-Суу.