КУРСК САЛГЫЛАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРСК САЛГЫЛАШЫ (1943) - Сов. Куралдуу Күчтѳрдүн Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-45) 1943-жылдын 5-июлунан 23-августуна чейин Курск ш-нын жанында немистик-фашисттик аскерлердин ири чабуулун үзгүлтүккѳ учураткан жана талкалаган согуш аракеттери.

Курск салгылашуусу.

К. с. коргонуу салгылашы (5-23-июль) жана контр чабуул (12-июль-23-август) болуп 2 мезгилге бѳлүнѳт. Сталинград салгылашында (1942-43) жана Сов. Армиянын кышкы чабуулунун жүрүшүндѳ немистик-фашисттик аскерлер жеңилгенден кийин, жоготкон стратегиялык демилгесин кайтаруу максатында немистик-фашисттик командачылык сов.-германдык фронтто ири чабуул даярдаган. Бул үчүн душман бир учурда Орёл тараптан түштүккѳ жана Харьков жактан түндүккѳ сокку уруу менен Курскиде сов. аскерлерди курчап алууну жана талкалоону белгилеген. Операция «Цитадель» деп аталган. Салгылашка сов. аскерлер да даярданган. Курск урчугунун түн. жагын Борб. фронттун аскерлери (командачы армиянын генералы К. К. Рокоссовский), түштүгүн Воронеж фронтунун аскерлери (командачы армиянын генералы Η. Ф. Ватутин) коргогон. Булардын тылына жардам берүү үчүн (командачы генерал-полковник И. С. Конев) күчтүү стратегиялык резерв - Талаа фронту коюлган. Фронттордун аракетин Жогорку Ставканын атайын ѳкүлдѳрү, Сов. Союз. Маршалдары Г. К. Жуков, А. М. Василевский жетекчиликке алган. Немистердин планы менен жакшы тааныш болгон сов. командачылык 1943-ж. 5-июлда (душмандын чабуулунан бир нече саат мурун) аларга каршы ири артиллериялык жана авиац. чабуул уюштурган,

натыйжада фашисттик армия кѳп жоготууга учурап, капыстан сокку ура албай калган. Ошол эле күнү фашисттик аскерлер Курскиге түн. жана түш. тараптан чабуулга ѳткѳн, бирок жеңилип, коргонууга аргасыз болгон. 12-июлда Прохоровка р-нунда согуш тарыхындагы эң ири танк салгылаштарынын бири болгон. Ага 2 тараптан 1500дѳй танк ж. б. оор курал-жарактар колдонулган. Душман бир күндѳ 350 танкын, 10 миңден ашык адамын жоготкон. 19-июлда Воронеж жана Талаа фронттору немистик-фашисттик аскерлерди Курск аймагынан сүрүп чыгарган. Натыйжада Орёл, Белгород жана Харьков ш. бошотулган. К. с. 50 күнгѳ созулуп, душман 30дай дивизиясынан, 500 миңден ашык адамынан ажыраган. Бул салгылашууда Сов. Армия немис аскерлеринин акыркы чоң чабуулун үзгүлтүккѳ учуратып, сов.-германдык фронтто стратегиялык демилгени биротоло ѳз колуна алган. К. с. Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүндѳгү эң зор бурулуш болуп, гитлердик Германияны талкалоодо зор роль ойногон.