КУРСК МАГНИТ АНОМАЛИЯСЫ (КМА
КУРСК МАГНИТ АНОМАЛИЯСЫ (КМА <pd>)<pd> - Россиядагы ири темир кени орун алган аймак. Курск, Белград, Орёл обл-нын аймагында жайгашкан. Уз. түш.-чыгыштан түн.-батышка 600 кмдей созулат, туурасы 150-250 км. Аянты 120 миң км2. 18-к-дын аягында академик П. Б. Иноходцев тапкан. 1919-ж. системалык түрдѳ изилдене баштаган.
КМА Чыгыш Европа платформасындагы Воронеж антеклизасында жатат. Анын астынкы бѳлүгү фундаменти кембрийге чейинки кристаллдык тектерден, үстү чѳкмѳ тектердин калың катмарынан турат. Темир кенташы 60-550 м тереңдикте, линза сыяктуу чѳгүндүлѳрдүн уз. 3,5-30 км, туурасы 100-3000 м жана калыңдыгы 9дан 100-120 мге чейинки кристаллдуу фундаменттин үстүндѳ жатат. Кенташ бай жана жарды болуп бѳлүнѳт. Жарды кенташ темирлүү кварциттен турат да, калыңдыгы бир нече мден 700 мге жетет. Курамында магнетит, магнетит-гематит, гематит кездешет. Темир 32-38,8% болот. Бай кенташ темирлүү кварциттин байыркы замандагы талкаланган аймагына байланышкан. Курамында мартит, темир слюдасы, лимонит, сидерит жолугат. Темир 53,6-61,6%ке жетет. КМАдагы темир кенташынын жалпы баланстык запасы 44,6 млрд т. А. и. жогорку сапаттагы бай кенташ - 20,1 млрд т, темирлүү кварцит - 28,5 млрд т(1970). Кен 1952-жылдан ачык казылып алына баштаган. АныЛипецк, Тула, Донбасс металлургия з-ддоруна жѳнѳтүп турат. 1972-ж. 20,5 млн т. темир кенташы ѳндурулгѳн. Ири кендери (чалгындалган запасы млн г): Михайлов (8691), Стойлен (5464), Лебедин (3785), Гостищев (2595), Стойло-Лебедин (2342), Коробков (2071) ж. б.
Ад.: Калганов М. И., Коссовский М. А. Курская магнитная аномалия. М., 1960; Геология, гидрогеология и железные руды бассейна Курской магнитной аномалии. Т. 3. М., 1969.