КУРСК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРСК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Кѳл р-нунда, Чолпон-Ата ш-нан 10 км батышта, Чоң Кой-Суу ѳзѳнүнүн жээгинде, деңиз деңг. 1640-1740 м бийикте. 1971-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилиндеги чѳкмѳ тектер түзѳт. Пайдалуу катмар аллювий-пролювий чѳгүндүсүнѳн пайда болгон. Чоң Кой-Суу ѳзѳнүн бойлой линза сымал жайгашкан. Калыңдыгы 100 мге чейин, изилденген калыңдыгы 7,6-10,7 м. Шагыл гранит, гранит-сиенит, эффузив, диорит жана метаморфизмделген тектердин сыныктарынан турат. Шагыл (20 ммден кесеги) 65%, кум (5 ммден майдасы) 29%. Кум орт. жана ири бүртүктүү, кварц менен талаа шпатынан турат, кесектик мо­дулу 2,56, арасындагы чаңы 9% . Шагыл майдаланып, иргелип, куму жуулгандан кийин «300» маркасындагы бетон даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы б-ча 1911 миң м2, С1-3879 млн м3. Ачык казып алууга болот.