КУРОСИО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРОСИО , К у р о-С и в о, Япон агымы(япончо куро - кара, сио - агым) - Тынч океандагы жылуу агым, Япониянын түш. жана чыгыш жээктеринде. Тун. Пассат агымынын уландысы. Туш. бѳлүгундѳ жазылыгы 170 кмдей, тереңдиги 700 мге чейин. Агымдын бетиндеги темп-расы 12"Сден 28°Сге чейин. Ылдамдыгы 25-80 см/сек. Суусунун чыгымы Япониянын жээгине жакын 40-50 млн м^/сек, туштугундѳ 20-30 млн м3/секга чейин азаят. Тынч океандын тун. бѳлугүндѳ жылуу агымдар тарамын пайда кылат. 36" тун. кеңдикте жана 150" чыгыш узундукта Түн. Тынч океан агымына ѳтѳт. Анын чыгыш уландысы - .Аляска жылуу агымы. К. агымы Тынч океандын түн. бѳлугүнун климаттык, гидрол. жана биол. шарттарына зор таасир тийгизет.