КУРМАН АЙТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРМАН АЙТ – мусулмандардын диний майрамы. Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет. Куранда Курман айттын майрамдалуу тарыхы төмөнкүдөй баяндалат. Алла дайыма өз пенделерин, пайгамбарларын башка адамдарга караганда көбүрөөк тоскоолдорго дуушар кылып, сынап келет. Жашы улгайып, бала көрбөй жүргөн Ибрахим пайгамбар перзенттүү болуп, ага Ысмайыл деген ат коюп, чын дилинен сүйөт. Пайгамбар жаш кезинен эле Алла Таала үчүн эч нерсесин аябай, жанын да курмандыкка ча­лууга даяр экендигин билдирип, күбүрөнүп калчу экен. Алла Таала аны сыноо иретинде: «Ибрахим мени көбүрөөк сүйөбү же баласынбы» деп, ага өз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууга буйрук кылган. Ал кез-кезде жалгыз баласы Ысмайылды бычак менен мууздап жаткан түштөрдү көрө баштайт. Ибрахим түшүнөн чочуп, ичинен убайым жейт. Улуу жараткандан эч нерсемди аябайм дечү элем. Эми ал менден жалгыз баламдын өмүрүн сурап жатат, Алла Тааланын айтканын аткаруум керек деген бүтүм менен акыры түшүн баласына айтат. Жакшылык-жаманчылыкты түшүнүп, чоңоюп калган Ысмайыл Алла Таалага ант бергенден кийин, анын буйругун сөзсүз түрдө аткарыңыз, мен сиз үчүн бардык азап-тозокко даярмын деп жооп берет. Ибрахим баласы Ысмайылды курмандыкка чаларда асмандагы периштелер кайгырышып, Алладан ата-бала үчүн ырайым сурашат. Бычакты кекиртекке такап тартарда, ал өтпөй калат. Жини келген Ибрахим пайгамбар ызасына чыдабай, жанындагы чоң кара ташты бычак менен чаап калат, бычактын курчтугунан таш экиге бөлүнүп кетет. Алла Таала Ибрахим пайгамбарды чын ниети менен өзүнүн жалгыз баласын курмандыкка чалууга ниет кылгандыгын кабыл кылып, Ысмайылдын ордуна курмандыкка чалууга асмандан көк кочкор түшүрөт. Мына ошондон тартып Алла Таала тарабынан жасалган зор ырайым менен күнөөсүз адамдарды курмандыкка чалуу токтолгон күн катары Курман айт майрамдалат. Курман айт тирүүлөрдүн айты болуп эсептелет жана бул күнү Кудайга арналып курмандык чалынат. Мусулмандар мечитке барып, намазга жыгылышат, кудайга с ыйынышып, «күнөөлөрүнөн арылууну» сурашат. Битир, зекет жана башкаларды беришет. Кыргыздарга Курман айттын би­ринчи күнүндө улуттук оюндар (ат чабыш, кыз куумай) уюштурулуп, элдик майрам болгон.

А. С. Ормушев, С. Доолов.