КУРМАНХОЖАЕВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУРМАНХОЖАЕВА Роза (30. 6. 1953, Ысык-Кѳл обл., Тоң р-ну, Бѳкѳнбаев айылы - 15. 2. 2008, Бишкек) - педагогика илимд. доктору , проф. (2003). В. В. Маяковский атн. Кызкелиндер пед. ин-тунун чет тилдер ф-тин бүтүргѳн (1975). Фрунзе ш-ндагы №5 орто мектебинин мугалими (1976), Чолпон-Ата ш-ндагы туберкулёзго каршы балдардын саламаттыгын сактоо санаторийинде англис тили мугалими (1977), Кыз-келиндер пед. ин-тунун (азыркы И. Арабаев атн. КМПУ) педагогика жана психология кафедрасынын окутуучусу (1978-96), доценти (1996-2000), КМУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти (2001-04), кафедра башчысы (2005-08) болуп эмгектенген. 60тан ашык ил. эмгектин автору. Медалдар менен сыйланган.