КУРМАНОВ 2
КУРМАНОВ Карпек Шамсединович (30. 6. 1928-ж. т., азыркы Нарын обл., Жумгал р-ну, Кызыл-Туу айылы) — укук таануучу, юридика илимд. доктору (1992), проф. (1995). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2003). 1949-ж. И. Калинин атн. Ленинград юрид. ин-тун бүткѳн соң, Кыргыз ССР прокуратура, адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин кылмыш-сот бѳлүмүндѳ начальник, прокурор, 1967-72-ж. КМУда окумуштуу секретарь, окутуучу, улук окутуучу, 1972-80-ж. Караганды мамл. ун-тиндс кафедра башчысы, 1980-81-ж. КМУда доцент, 1981-94-ж. Кыргыз CCP ИАнын Философия жана укук ин-тунда ил. кызматкер, криминология жана кылмыш укугу бѳлүмүнүн башчысы, 1993-2003-ж. КМУда кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу ин-тунун проф. жана кафедра башчысы, ошол эле мезгилде И. Арабаев атн. КМПУда кафедра башчысы, 2002-05-ж. Махмуд Кашгари Барскани атн. Чыгыш ун-тинде кафедра башчысы, 2003-08-ж. КМЮАда кафедра башчысы, 2008-жылдан ошол эле окуу жайында ректордун кеңешчиси, кафедра башчысы. 100дѳн ашык ил. эмгектин (а. и. 3 монография, 7 окуу китеби) автору. 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Эмг.: Наркомания: Уголовно-правовые и криминологические проблемы. Ф., 1989; Уголовное право КР (часть особенная). Учебник для вузов. Б., 2000.