КУРИЛ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРИ́Л АРАЛДАРЫ – Камчатка ж. а-нан Хоккайдо а-на чейин созулуп жаткан жанар тоолуу аралдар архипелагы. Сахалин обл-нда. Охота деңизин Тынч океандан бөлүп турат. 30дан ашык ири (Итуруп, Кунашир, Парамушир, Уруп ж. б.) жана көптөгөн майда аралдардан, аскалардан турат. Жалпы аянты 15,6 миң км2дей, уз. 1200 км чамасында. Курил кысыктары менен бөлүнөт. Чоң жана Кичи Курил жалчаларынан турат. Аралдарынын көбү тоолуу, басымдуу бийикт. 500–1000 м (эң бийик жери 2339 м, Алаид чокусу). 160тай жанар тоо бар, анын 40тайы аракеттеги жанар тоо; катуу жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен палеоген, неоген жана ан­тропогендин жанартоо тектеринен (туф, брекчия, лава, жанартоо кумдары) турат. Көлү көп (а. и. кратер жана лагуна көлдөрү да бар). Түн. тарабына жана ортоңку аралдардын айрым бөлүк­төрүнө ийри-буйру өскөн токой, жапалак арча жана океан шалбаасы, түш.-батыш бөлүгүнө ка­рагай, көк карагай жана жазы жалбырактуу .

Кунашир аралынын ландшафты

токой мүнөздүү. Жээк сууларында лосось сымалдар, ит балык, суу жолборс, кундуз бар. Балык кармалат. Ири шаарлары: Курильск, Северо-Курильск.
К. а. ж-дөгү алгачкы даректи 1697-ж. орус жер кезүүчүсү В. В. Атласов билдирген. 1855-ж. Россия К. а-нын бир бөлүгүн (Уруп а-нан түштүктү карай) Японияга берүүгө аргасыз болгон. 1875- жылдагы келишим б-ча Япония Сахалинге ум­тулуусунан расмий баш тартып, ордуна К. а-н бүт алган. Крым конф-ясынын (1945) чечимине ылайык К. а. СССРге өтүп, 1945-ж. август-сен­тябрь айларында сов. аскерлер аралдарды бүт бошоткон. Сан-Франциско тынчтык келишими б-ча (1951) Япония К. а-на карата талаш-тартышынан толук баш тарткан.