КУРИЛ АГЫМЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУРИ́Л АГЫМЫ , О я с и о – Тынч океандын түн.-чыгышындагы муздак агым; Курил жана Хоккайдо а-нын чыгышын жээктей түндүктөн түштүктү карай агат. Суусунун орт. темп-расы февралда 0дөн 2°Сге, августта 8ден 13°Сге чейин. 40° түн. кеңдикте К. а. Куросио агымы менен беттешип, үстүнкү суу катмарынын ургаалдуу аралашуу жана чөгүү зонасын пайда кылып, Түн. Тынч океан аралык агымын жаратат.