КУРГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРГА́Н (1782-ж. чейин К у р г а н С л а б о д а) – Россиядагы шаар. Курган обл-нун адм. борбору. Тобол д-нын боюнда жайгашкан. Кал­кы 322,7 миң (2009). Т. ж. тоому. Аэропорту бар. Машина куруу (а. ч. жана трaнспорт ж. б.), хим., тамак-аш (эт комбинаты), курулуш материалдар, фармацевтика ө. ж. ишканалары иш­тейт. Ветеринариялык дары-дармектер, медицинага керектүү пластмасса буюмдары чыгарылат. РИАнын Урал бөлүмү, ИИИлер, ун-ттер, китепканалар, театрлар, край таануу музейи, декабристтердин үй-музейи ж. б. бар. 1679-ж. негизделген.