КУРГАКТЫК ГИДРОЛОГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРГАКТЫК ГИДРОЛОГИЯСЫ – кургактыктагы сууларды (дарыя, көл, суу сактагыч, саз жана мөңгүлөрдү) изилдөөчү илим; гидрологиянын бир тармагы. К. г. өз ичинен потамалогия, лимнология, тальматология тармактарына бөлүнөт; о. эле гидрометрияны, гидрол. эсептөөлөрдү, гидрол. алдын ала маалыматтоону, нук процесстеринин динамикасын, гидрографияны, гидрохимияны, гидрофизиканы да камтыйт.