КУРБУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУРБУ (мурунку М о ң о л д о р) – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы кыштак. Тепке айыл округуна караштуу. Жыргалаң суусунун төмөнкү агымынын оң жээгиндеги түздүктө, деңиз деңг. 1666 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Теплоключенка (Ак-Суу) кыш-нан 25 км түн.- батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 212 км. Калкы 1040 (2011); негизинен мал багуу менен алектенет. Негизги мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар.