КУРАН-ЖАЙЛОО АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАН-ЖАЙЛОО АЛТЫН КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, Орловка шаарчасынан 25 км түштүктө, деңиз деңг. 1950–2200 м бийикте. 1961-ж. табылган. 1966–71-ж. чалгындалган. Кен аймагы силурдун гранити, жогорку палеозойдун сиенитдиорити, диорити порфирити жиреп өткөн кар­бондогу флиш-моласстуу катмардан түзүлгөн. Кенташ тулкулары түрдүү багыттагы жарака­ларда гидротермдик өзгөрүүгө учураган тектер менен байланышып, тарам тибине жана алтын-сульфид формациясына кирет. Негизги минералдары: пирит, арсенопирит, сфалерит, галенит ж. б. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 10,1 г/т, запасы 8,299 т.