КУПУЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУПУЕВ Пирмат (15. 3. 1942-ж. т. – Ош обл. – Ноокат р-ну – Кыргыз-Ата айылы) – экономика

илимд. доктору (1988)– проф. (1990)– КР УИАнын корр. мүчөсү (1997). Эл чарбасын жана анын тармактарын башкаруу б-ча адис. Москва станок-аспап ин-тун (1965) – КМУнун аспирантурасын (1972) бүт­көн. 1966–69-ж. Фрунзе машина куруу з-дунда инженер-технолог, мастер, смена начальниги, 1973– 90-ж. КМУда окутуучу, кафедра башчысы, декан, 1993–94-ж. Ош обл. мамл. администрация башчысынын кеңешчиси, 1994–99-ж. КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн коомдук илимдер ин-тунун, 1999-жылдан Ош МУнун Укук, экономика жана башкаруу ин-ту-нун директору. 100гө жакын ил. эмгеги, а. и. 6 монографиясы жарык көргөн.


Эмг.: Управление эффективностью производства и движения предметов потребления. Ф.– 1985; Население и социальная сфера. Б.– 1997.