КУПЛЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУПЛЕ́Т (французча сouplet) – ыр же обондун ыргактуу строфасы. Мында бүтүн обон бир поэтикалык строфага туура келет да, поэтикалык строфа, обон кээде түрлөнтүп аткарылышы ыктымал. Куплет, адатта, ыр менен башталып, кайырма менен аяктайт. Куплеттер шайыр, тамашалуу же сатиралык мүнөздө болот. Куплет көбүнчө водевилдерде, оперетталарда учурайт.