КУПАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУПА́ЛА Янка [чын аты-жөнү – Иван Доминикович Луцевич; 25. 6(7.7). 1882, азыркы Минск обл., Молодечненский р-ну, Вязынка ш. – 28. 6. 1942, Москва, сөөгү Минскиге коюлган] – беларус совет жазуучусу, коомдук ишмер, беларус ад-тын негиздегендерден, Беларус эл акыны (1925), Беларус ССР (1928) жана Украин ССР ИАнын академиги (1929). Санкт-Петербургдагы жалпы билим берүүчү курстан (1909–13), Москвадагы А. Л. Шанявский атн. элдик ун-ттен окуган (1915). Анын «Дыйкан» аттуу алгачкы ыры 1905-ж. жарыкка чыккан. «Жалейка» (1908), «Гусляр» (1910), «Турмуш жолу менен» (1913), «Мурас» (1922), «Ордендүү Беларуссия» (1937), «Чын жүрөктөн» (1940; СССР мамл. сыйл., 1941) ыр жыйнактарынын, «Түбөлүктүү ыр» (1908), «Дөбө» (1910), «Арыстандын көрү» (1913) поэмаларынын, «Таланган уя» (1913) драмасынын автору. Айрым ырлары кыргыз тили­не которулган (Т. Үмөталиев ж. б.). Ленин ордени менен сыйланган. Минскиде К-нын музейи (1945) бар