КУНАЕВ
КУНАЕВ Динмухамед Ахмедович [31. 12. 1911 (12. 1. 1912), Верный (азыркы Алматы) ш. – 22.

8. 1993, ошол эле жер] – сов. парт. жана мамл. ишмер; Казакстан ИАнын академиги (1952), тех. илимд. доктору (1969), үч жолку Соц. Эмг. Баатыры (1972, 1976, 1982). 1936-ж. Москва түстүү металлдар жана алтын ин-тун бүткөн. 1936–42-ж. Балхаш, Алтай, Риддер, Лениногор кен комбинаттарында машинист, цех башчысы, башкы инженер, «Алтайполиметалл комбинатында» башкы инженердин орун басары, кен башкармасынын директору, 1942–52-ж. Казак ССР ЭКСтин төрагасынын орун басары, 1952–
55-ж. Казакстан ИАнын президенти, 1955–60; 1962–64-ж. Казак ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1960–62; 1964–86-ж. Казакстан КП БКнын 1-секретары болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (3–9-шайл.) депутаты. КПСС БКнын (1956–87), КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү (1971–87; 1966-жылдан кандидат). Казакстандагы карьерлерде кен казуунун натыйжалуу ыкмаларын изилдеп, өндүрүшкө кийирген. Эмгектери кенди ачык жол менен казуунун теор. жана практикалык маселелерине арналган. 8 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.