КУМ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ – тоо тектердин майда талкаланган бүртүкчөлөрүнөн турган борпоң чөкмө тек. Бөлүкчөлөрүнүн чоңдугу 0,01–1 ммге жетип, миздүү, кырдуу, урчуктуу болот. Кварц, талаа шпаты, слюда ж. б. минералдардан турат. Чоңдугуна жараша кесек (0,5–1,0 мм), ири (0,25–0,5 мм), орт. жана майда (0,1–0,25 мм); курамы б-ча моно минералдуу, олигомиктүү, полимиктүү; пайда болушуна карата элювий, делювий, пролювий, аллювий куму, эол, деңиз, көл, муз-мөңгү жана чөл куму болуп бөлүнөт. Курулуш ишинде кеңири колдонулат. Кварц кумунан айнек жасалат. Айрым учурда арасында металлдардын чачыранды кендери кездешет.