КУМ-ТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИЯСЫ (КОК)
КУМ-ТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИЯСЫ (КОК) , К у м - Т ө р г о л д к о м п а н и – Кум-Төр алтын кенин иштеткен тоо-кен ишканасы; «Кум-Төр» долбоорунун оператору. 1992-ж. Канаданын Торонто ш-нда Кырг-н («Кыргызалтын») менен Канада (Сameco Corporation) өлкөлөрүнүн өз ара келишиминин негизинде 1993-ж. түзүлүп, ишке 1996-ж. киргизилген. 2004-ж. «Кум-Төр алтын» долбоорун реструктуралаштыруу жүргүзүлүп, КР Өкмөтүнүн чечими менен өз активдерин «Центерра Голд Инк.» компаниясына берген. Натыйжада КОК бул компаниянын бир бөлүмү болгондуктан, КР өз тарыхында 1-жолу эл аралык тоо-кен корпорациясынын биргелешкен ээси болуп калган. «Центерра Голд Инк.» – Борб. Азиядагы түн. америкалык алтын өндүрүүчү эң ири компания. Ал Кум-Төр кенинен тышкары Монголияда кен казып, Россияда, Түркияда, АКШ-да бир катар келечектүү геол. чалгындоо долбоорлоруна ээ. КОК алгачкы алтын куймасын 1996-ж. 31-декабрда, ал эми миллиончу унциясын 1998-ж. куюп алган. Жылына орто эсеп менен 19 т алтын жана 6 т күмүш өндүрүлөт. 1997– 2007-ж. кенден 191,2 т алтын, 60 т күмүш казып алынган. Кенден казылып алынган кенташты иштетүү аяктагандан кийин, анда 80%ке чейин алтын металлын камтыган Доре куймалары куюлат. Бул куймалар андан ары аффинаждоо үчүн

«Кыргызалтын» ААК ка берил ет. 2010-ж. геол. чалгындоо иштеринин натыйжалары б-ча ишкананы
иштетүүнүн мөөнөтү кайра каралып, 2021-ж. чейин узартылган. КОК Канаданын, Кырг-ндын мыйзамдарынын, о. эле Бүткүл дүйнөлүк банктын талаптарын аткарат. Компанияда 2500дөн ашуун адам иштейт (2011).
Ад.: Кум-Төр алтын. Б., 2007; «Центерра ГолдИнк». Итоги 2010 года. Б., 2011. К. Осмонбетов.