КУМ-БЕЛ ВОЛЬФРАМ КЕНИ
КУМ-БЕЛ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Нарын р-нунда, Кара-Үңкүр кыш-нан батыш тарапта, Көк-Тай тоосунун түш. капталында. 1910-жылдан белгилүү. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин аягында пайда болгон сланец, алевролит, кумдук, акиташ тектери жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Чөкмө тектер бүктөлүүгө учурап, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Антиклиналдын борб. бөлүгүнөн интрузия орун алган, анын түн. капталынан тектон. терең жарака өтөт. Жаракага жакын жердеги интрузия менен чөкмө тектердин кошулган жеринде скарн пайда болуп, анда кен топтолгон. Кенташ комплекстүү (вольфрам, жез, висмут, молибден, коргошун, кобальт, никель, цинк, темир) келип, скарндагы көп сандаган майда жаракаларды, жиктерди толтуруп, тарам түрүндө кезигет. Тарамдар негизинен кварц менен кальциттен турат да, арасында шеелит, халькопирит, висмутин, пирит, молибденит, галенит, сфалерит ж. б. учурайт. Айрым тарамдардын уз. 30–200 м, калыңдыгы 0,005–0,2 мге жетет. Кенташтагы вольфрамдын триоксидинин орт. өлчөмү 0,3%. 1941–55-ж. Кум-Бел кен башкармасы 990 т кенташ казып алган.