КУМ-АРЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУМ-АРЫК – Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы кыштак. Орто айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кайыңды шаарчасынан 22 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштак 1934-ж. негизделген. Калкы 1726 (2009); негизинен мал багышат. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.