КУМУКТАР
КУМУКТАР (өздөрүн к у м у к деп аташат) – РФтеги эл, Кумык түздүктөрүндө жана Дагстан тоо этектеринде жашаган жерг. калк. Саны 422,4 миң киши, а. и. 365,8 миңи Дагстанда, 8,9 миңи Чеченстанда, 12,6 миңи Түн. Осетияда,

5,6 миңи Ставрополь крайында, 12,3 миңи Тюмень обл-нда (2002), о. эле Казакстан, Украина, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Иорданияда да жашашат. Кумук тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер. К-дын этностукнегизин Түн.-Чыгыш Дагстанда жашаган байыркы уруулар – аборигендер жана түрк уруулары (кыпчактар) түзгөн. К. этноними ж-дө алгачкы эскерүү (б. з. 2-к-да) антикалык, о. эле Плиния Улуу жана Клавдий Птолемей ж. б. авторлордун чыгармаларында кездешкен. К-дын этнос катары калыптанышы 12–13-к-га таандык. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык жана балык уулоочулук. Эркектери көйнөк, ыштан, бешмет, чепкен, тон, бурка, башына папах, аялдар узун көйнөк, ыштан, булгаары бут кийим кийишип, башына жоолук салынып, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары.
Ш. Керимова.