КУМСКОВ 1
КУ́МСКОВ Владимир Иванович (22. 6. 1928-ж. т.– Россия– Волгоград обл.– Новопавловск р-ну– Мироновск хутору) – экономика илимд. доктору (1986)– проф. (1990). Экон. жана социалдык өнүктүрүү маселелери б-ча адис. Москва мамл. экономика ин-тун бүткөн (1952). Пермь мамл. ун-тинде улук окутуучу (1956–59)– Фрунзедеги физприборлор з-дунда (1959–64)– Кыргыз CCР ИА ЭИде ил. кызматкер (1964–71)– Кыргыз CCР Мамплан тармагында– а. и. Эсептөө борборунун директору болуп иштеген (1971– 98). 1998-жылдан КР Экон. изилдөө борборунда бөлүм башчы. 120дан ашуун ил. эмгеги– а. и. 7 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Выравнивание уровня экономического и социального развития Кыргызстана. Ф.– 1986; На пути к рынку. Б.– 1996; Рыночная экономика – вечная экономика. Б.– 2008.