КУМДУУ ЧӨЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУМДУУ ЧӨЛ – кумдуу рельеф мүнөздүү чөл. Кум түпкү тектердин бузулушунан, байыркы аллювий жана деңиз чөкмөлөрүнүн шамал менен учуп келишинен пайда болот; шамалдын таасиринен жалчалар, бархандар, кум дөбөлөр ж. б. рельефтин формалары түзүлөт. К. ч. башка чөлдөргө караганда

жер астындагы сууларга бай келип, өсүмдүктөр арбыныраак өсөт да, чарбада жайыт катары кеңири пайдаланылат. К. ч-дөр Орто (Кара-Кум, Кызыл-Кум) жана Борб. Азияда (Такла-Макан, Алашань), Африкада (Эрг), Түн. Америкада кездешет.