КУМА-МАНЫЧ ОЙДУҢУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУМА́-МА́НЫЧ ОЙДУҢУ – Кавказ өндүрүн Чыгыш Европа түздүгүнөн бөлүп турган тектон. ойдуң. Туурасы 20–30 км. Көлдөр системасы (эң ириси – Маныч-Гудило көлү) жана суу сактагыч (Веселовский) ээлейт. Кума-Маныч каналы бар. К.-М. о. аркылуу Европа менен Азиянын шарттуу чеги өтөт.