КУМАНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМАНДАР – 10–13-к-да жашаган Борб. Азиядагы түрк тилдүү уруулардын роман, герман ж. б. тилдеринде аталышы. 11-к-да Тугра хан жана Баян башында турган К-дар Кара деңиз, Дон, Волга д-нын бойлорунда жайгашып, орустарга (1068-, 1092-, 1093-, 1096-ж.), Венгрияга (1070-, 1091-, 1094-ж.), о. эле Византияга (1087-,1095-ж.) жортуул жасашкан. Киев Орус княздары менен үй-бүлөлүк мамилелерде болушуп, 1223-ж. моңголдорго каршы бир союзга биригишкен. Кийин К-дын көбү Алтын Ордого жана Балкан ж. а-на ооп, калгандары Венгрия мам­лекетинин карамагында калган. Орус тарыхый даректеринде «половецтер», түрк тилдүү маалы­маттарда «кыпчактар» деп аталат. Айрым изилдөөчүлөр «куман» – куу, кижи (лебединдер), кумандылар (алтайлыктар) экенин болжолдошот.


Ад.: Голубовский П. В. Печенеги, тюрки и половцы до нашествия татар. Киев, 1884; Рыбаков Б. А. «Слово о полку Игореве» и его современники. М., 1971; Сулейменов О. Азия. А., 1992; Гумилев Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Э. Турганбаев.