КУМАМОТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМАМО́ТО – Япониядагы шаар. Кюсю а-нда жайгашкан. Кумамото префектурасынын адм. борбору. Сиракава д-нын чатында, Кюсю а-нын борб. бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 675,8 миң (2009). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. 16-к-дын аягында негизделген. Мунаралуу капка (1607), будда храмы ж. б. сакталган. Тек­стиль, тамак-аш, хим., машина куруу, электр жабдуулары (күн батареяларын чыгаруучу з-д), кагаз ө. ж. ишканалары, мөмө-жемиш менен жашылчаларды белендөөчү, фарфор жана жарым өткөргүчтөр өндүрүштөрү иштейт. Көркөм буюмдар да чыгарылат. Балык кармап, белендөө өнүккөн. Ун-ттер, лютеран коллежи, музейлер бар. Туризм өнүккөн.