КУМАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУМАЙ (Сурs himalayensis) – карчыгалар тукумчасындагы куш. К. – бардык жорулардай эле Борб. Азиянын аймагында кеңири таралган жана отурукт ашкан түр.
Тоонун бийик алкагын мекендейт.
Аскага жуп же топ-топ болуп уялайт. Жылына бир

жолу бирден жумуртка тууп, басып чыгарат. К. тарп менен азыктанат. Азыркы кезде жапайы жана үй жаныбарларынын кескин азайып кетүүсүнөн К-дын саны өтө азайган, ошондуктан бул түр Кырг-ндын Кызыл китебинде катталган.