КУЛЯБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЯБ , К ө л ө п – Тажикстандын түш. бөлүгүндөгү шаар. Хатлон обл-нда. Яхсу д-нын (Пянждын алабы) өрөөнүндө, Хазратишох кыр­ка тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 85,5 миң (2009; калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар). Т. ж. бекети. Аэропорту бар. Б. з. ч. 8–7-к. ченде пайда болгон. Б. з-дын 9–12-к-да Улуу Жибек жолунда Искандар деген ат менен белгилүү. 1934-ж. шаар статусун алган. Шаардын чегинде археол. эстеликтер, коло дооруна таандык бейиттер (б. з. ч. 15–10-к.), Мир-Сейид-Хамадани мавзолейи (14–17-к.) сакталган. Аккумулятор өндүрүшү, пахта тазалоочу з-ду, текстиль, тамак­аш, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т, китепкана, театр, музейлер (а. и. тарых-край таануу ж. б.), тажик акыны С. Вали-заденин үй-музейи бар.